Жаңылыктар
Ирина Карамушкина барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө
Саясат
Ирина Карамушкина барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина барымтага алууга катыштыгы бар деп шектелип жатканы тууралуу билдирме алды.

Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 22-августта билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "Адамдарды барымтага алууга катышуу" жана "Кылмышка катышуу" беренелери боюнча шек саналууда. 

Бүгүн 1-май райондук сотунда Карамушкинанын бөгөт чарасы каралып, ал үй камагына алынды.