Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарында 7 ишкана ачылат
Аймак
 Кызыл-Кыя шаарында 7 ишкана ачылат

Кыргыз-кытай кызматташтыгы аркылуу жыл башында арматура цехи ишке берилген. 1 млн. доллар көлөмүндө инвестиция тартылып, учурда 4 түрдөгү арматура чыгарылууда. Цехтин ишмердүүлүгү үчүн жергиликтүү тургундардан сырье катарында темир сатылып алынат. Продукциялар ички базарларда жана кошуна Өзбекстанга чыгарылууда. 

Цехтин ишке берилүүсү менен 60тан ашуун жумуш орундары түзүлүп, негизинен жергиликтүү тургундар тартылган. Кытайлык ишкерлер техникалык жабдыктар менен камсыздоону колго алышкан. Буга чейин шкананын имараты шахтага керектүү жабдыктарды оңдоочу жай болгон. 

Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин ишкана жоюлуп кеткен. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Кызыл-Кыя шаарында 7 ишкана ачуу пландалган.