Жаңылыктар
Кыргызстанда жол кырсыгы көп болууда
Кырсык
Кыргызстанда жол кырсыгы көп болууда

Биздин өлкө жол кырсыгынан каза болгон адамдардын саны жагынан көрсөткүчү эң жогорку делген мамлекеттердин катарында. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жол коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүздү. 

Анын жыйынтыгында Кыргызстан Европа жана мурдагы советтик 53 мамлекеттин арасынан адам өмүрү кыйылган, ар кандай жаракат алган кырсыктардын саны боюнча экинчи орунда тураары аныкталган. 

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына таянсак, 2004-2013-жылдар аралыгында 10 миң адам мерт кетип, 62 миң адам жаракат алган.