Жаңылыктар
Суусамыр өрөөнүндөгү кара тикенди жок кылуу маселеси талкууланды
Айыл чарба
Суусамыр өрөөнүндөгү кара тикенди жок кылуу маселеси талкууланды

Суусамыр өрөөнүнүн жайыттарын каптап жаткан кара тикендин өсүшүнө каршы чараларды көрүү маселеси талкууланды. Мухаммедкалый Абылгазиев кара тикендин жайылышы Суусамыр өрөөнүнүн фермерлерин түйшөлтүп жатканын белгиледи. Жалпысынан республика боюнча 18 миң гектар жерге отоо чөп өскөн, ал эми Суусамырда алты миң гектар. 

Премьер-министр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кара тикендин өсүүсүнө каршы көрүлүп жаткан чаралардын акыркы ыкмасын берүүнү тапшырды. Бул маселени чечүүдө бир катар мамлекеттик органдарга жардам берүү тапшырмасы берилди.

"Мен баягыда Таластан келатып Суусамырга атайын токтодум. Ал жерге мал баралбайт экен. Ал жер тикенек экен. Ошон үчүн тез арада чара колдонбосок жакында мактаган Суусамырыбызда жайлоо жок болот экен. Тоо-Ашуунун ашуусуна келип калыптыр кээ бир жерлери. Буларды баарын азыр карап туруп, тез аранын ичинде өрттөйбүзбү, жанагы механика түрү менен, же болбосо уулайбызбы. Иши кылып тез чечишибиз керек",- деди Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев.