Жаңылыктар
Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалды
Кырсык
Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалды

Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шек саналып кармалды. Бул маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, өткөн жылы сентябрда Н.Д. аттуу жаран Айткулов андан 5,5 миң долларды алдап алганын жана ага карата чара көрүп берүүнү өтүнүп кайрылган.

Материалдар териштирилип, Башкы прокуратурага берилген. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча (“Алдамчылык”) шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилди. Ал Бишкек милициясынын Убактылуу тергөө абагына камалды.

Жактоочунун аялы Раушан Айткулова күйөөсү сурак бергенден кийин кармалганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды жана ага жалган жалаа коюлуп жатканын белгилеген.

Икрамидин Айткулов “милициянын кызыкчылыгын саткан” деген негизде кызматтан алынган мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун адвокаты болчу.