Катманду шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы финалга чыкты.
22-августта жарым финалда Андрей Анкудиновдун жетекчилиги астындагы Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын командасы менен ойноп, 3:0 эсеби менен жеңишке жетти. 24-август күнү боло турган финалда кыргызстандык тайпа Өзбекстан менен ойнойт.