Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат
Чек ара
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркештам” өткөрүү бекеттери 30-апрелден 3-майга чейин жабык болот. Бул Кытайда эмгек майрамынын белгиленгенине байланыштуу болууда. 

Мындан улам кытай тарап чек араны убактылуу жаап турууну сунуштаган. Чек ара бекеттериндеги автоунааларды, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү өткөрүү 3-майдан тартып калыбына келет.