Жаңылыктар
БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрдү
Дүйнө
БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрдү

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын канаттуу ракетасын сынаганына байланыштуу Орусия жана Кытайдын демилгеси менен чукул жыйын өткөрдү. Орусия жана Кытай бийлиги Вашингтондун аракети эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратат деп эсептейт. 

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жонатан Коэн жыйын учурунда Орусияны орто аралыкта учуучу ракеталарды чыгарып, келишим шарттарын бузган - деп айыптады. Ал Москваны 8-августта Северодвинск шаарында болгон жарылуу тууралуу түшүндүрмө берүүгө чакырды. Коэн ошондой эле, Кытайды ракеталык дараметин жогорулатууга айыптады.

Өз кезегинде Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Дмитрий Полянский дүйнө АКШнын геосаясий дымагынан улам куралдануу боюнча жарышуу алдында турганын айтты. Ал ракеталык келишимди бузуу боюнча Вашингтондун айыптоосун орунсуз деп атады.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Лю Цзеи куралдануу боюнча жарышууну ооздуктоо үчүн келишим маанилүү экенин билдирди. Ал АКШ менен Орусияны диалогго чакырып, Вашингтондун келишимден чыгып кетишинин терс кесепеттерин белгиледи. 19-августта АКШнын Коргоо министрлиги жерден атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын жарыялаган. Пентагон белгилегендей, бул жаңы куралды сыноого Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишим жокко чыгарылгандан кийин мүмкүн болду. Ага чейин бул ракеталардын учуу аралыгы аталган келишимдин шарттарына каршы келчү. 

Калифорниядагы Сан-Николас аралында коё берилген ракета 500 чакырым учуп, бутага таамай тийген. Буга чейин АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден улам 500 чакырымдан 5 500 чакырымга чейин уча турган ракеталарды иштеп чыга албай келген. Вашингтон аталган келишимден быйыл 2-августта чыгып, бул чечимин Орусия көптөгөн жылдардан бери эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуп келгени менен түшүндүргөн.