Жаңылыктар
Бишкек шаарында 22-августта дагы бир өрт катталды
Өзгөчө кырдаал
Бишкек шаарында 22-августта дагы бир өрт катталды

Кечээ, 22-августта Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсүндө  жайгашкан  “Бекендос Плюс” жоопкерчилиги чектелген коомунун кампасынан өрт чыккан. 

Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2800 чарчы метрди  түзгөн азык-түлүк, кездеме жана пластик түтүкчөлөрү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1 адам жеңил жаракат алган.

Сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү  өчүрүүгө 34 бөлүм тартылган.