Жаңылыктар
Бишкектеги камераларды талкалаган бейбаштар изделүүдө
Кырсык
Бишкектеги камераларды талкалаган бейбаштар изделүүдө

Бишкек шаардык милициясы 9-августтун түнүндө баш калаада бейбаштык кылууга шектүүлөрдү издеп жатат. Мекеменин маалыматында, Свердлов райондук милициясына "Вега" ишканасынын өкүлү арыз менен кайрылган. Ал 9-августта болжол менен түнкү саат 1:30да "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагындагы, Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги видеобайкоо системасындагы эки камераны талкалап, коомдук тартипти бузган адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ошондон эле, бейбаштар Бөкөнбаев, Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги төрт камераны сындырышкан.

Арыз берген адам милицияга 9-август түнкү саат 12:30 чамасында белгисиз адамдар Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жети камераны талкалап качып кетишкенин жазган.

Свердлов райондук милициясына ошондой эле 9-августтун түнүндө Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонот" үлгүсүндөгү ИИМдин "Шумкар" тобунун кызматтык унаасын белгисиз топ талкалаганы тууралуу рапорт түшкөн. Бул фактылардын баары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндурүш башталды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө "Вега" компаниясы тарабынан шектүүлөр тартылып калган видео тасма жана шектүүлөрдүн сүрөттөрү алынды.