Жаңылыктар
Бишкек: согуш ардагерлерине жардам
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: согуш ардагерлерине жардам

Бишкек шаарында жашаган согуш ардагерлерине Жеңиш майрамына карата райондук жана шаардык бюджеттин эсебинен 15 миң сомдон берилет. Вице-мэр Айгүл Рыскулова бул акча ар бир ардагерге президенттин жардамынан жана республикалык казынадан бөлүнчү акчадан тышкары берилээрин билдирди. 

9-май күнү борбор калаадагы Жеңиш аянтында митинг-реквием болот. Андан соң ардагерлерге арналган концерттик программа жана 40-жылдардагы аскер техникаларынын көргөзмөсү өтөт. Бишкек шаарында 264 согуштун катышуучусу жашайт, алардын 61и гана өз алдынча баса алат.