Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго каражат бөлүндү
Экономика
Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго каражат бөлүндү

Аймактарды өнүктүрүү максатын көздөгөн бизнес долбоорлорго бюджеттен 2 миллиард бөлүндү. Бул акча каражатын натыйжалуу, туура бөлүштүрүү үчүн өкмөттүн буйругу менен 11 адамдан турган сынактык комиссия түзүлдү. 

Эми каалоочулар өздөрүнүн аймагын өнүктүрүү багытындагы бизнес долбоорлорду даярдап сынакка катышса болот - деп билдирди Экономика министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Кадыров.