Жаңылыктар
Түп районунда быйыл беш чакырым жаңы жол салынат
Аймак
Түп районунда быйыл беш чакырым жаңы жол салынат

Түп районунда быйыл беш чакырым жаңы жол салынат. Азыркы тапта жолчулар Токтоян айылынын ичинде эки чакырым жол салып жатышат. Буга чейин Ысык-Көл айылына кетүүчү эки чакырым жолду жаңылашкан. Дагы кошумча Миң-Булак айылында бир чакырым жол жаңыланган. Негизинен №4 жол тейлөө мекемеси 486 чакырым жол тейлейт. Анын 120сында гана асфальт жаткырылган. Калганы кум, шагыл төшөлгөн жолдор.

"Ушул тапта үч чакырым жолду жаңылап жатабыз. Эки чакырымы ушул Токтоян жолу, калган бир чакырымы Миң-Булак айылында. Буга чейин Михайловка айылынан Ысык-Көл айылына кетүүчү жолдо эки чакырым жаңы жол салганбыз",- деди №4 жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Рысбек Исмаилов. 
"Союз маалынан бери карала элек да. Бир маал кырып койгону эле болбосо. Мал жан өтөт, машине өтөт чаңдап эле жатып калчубуз да. Азыр эми мына өкмөт жаңы жол салып атат. Кандай гана жакшы болот",- деп билдирди Токтоян айылынын тургуну Жакшылык Эгембердиев.