Жаңылыктар
Музей менен коомчулуктун ортосундагы байланышты жандандыруу аракеттери
Кыргызстан жаңылыктары
Музей менен коомчулуктун ортосундагы байланышты жандандыруу аракеттери

23-августта Бишкекте өлкөнүн ири музейлеринин жетекчилери менен кызматкерлери үчүн «Коомчулук менен байланыш жана анын музейлерди өркүндөтүүдөгү коммуникациялык ыкмалары» деген аталыштагы тренинг өтүүдө. Бул иш-чараны Борбордук Азия Университети тарабынан жана белгилүү медиа адистер Елена Воронина, Алмаз Исманов менен биргеликте уюштурууда.


Уюштуруучулардын айтымында, бул окутуунун натыйжасында катышуучулар пиар жасоо боюнча жаңы билим-жөндөмдөргө ээ болуп, музейлердин ишин жаңы, заманбап ыкмалар аркылуу алдыга жылдыруу, коомчулук менен музейдин ортосундагы байланышты жандандыруунун жолдорун үйрөнүшөт.


Кыргызстанда 100дөн ашуун музей бар жана алар зор маданий-агартуучулук дараметке ээ болуп, туризмди өнүктүрүүгө да чоң салым кошо алат. Бирок алар бул дараметин толук колдоно албай, “бай музейлер кедей жана бош бойдон калууда”. Адистер мунун себебин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан көрүшпөйт.


Тилекке каршы, музейлер башка маданий институттар менен тең тайлаша албай жатат, себеби башкалар коомчулук менен байланыштын жолдорун мыкты өздөштүрүп, коомдук агартуу жана элдин бош убактысын кызыктуу өткөрүү үчүн жаңы аянтчаларды түзүп алышкан. Музейлер пиар каражаттарын туура колдонуу менен, элди өзүнө тартып, кошумча каржылык булак таба алат.