Жаңылыктар
Мугалимдердин айлыгы октябрдан баштап 30 пайызга көтөрүлөт
Билим
Мугалимдердин айлыгы октябрдан баштап 30 пайызга көтөрүлөт

Мугалимдердин айлыгы октябрь айынан баштап 30 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан август кеңешмесинин жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Мугалимдер жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер бир аянтчага чогулуп, билим берүү жаатындагы жетишкендиктерди гана талкуулабастан, өнүгүү жолдорун, өзгөчө өлкөдөгү санариштештирүүнүн алкагында жасалып жаткан жумуштарды талкуулашты.

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан мугалимдердин жыйынына 300дөй катышуучу келген. Алардын катарын мугалимден баштап, агартуу тармагынын өкүлдөрү, эмгеги сиңген ишмерлер жана башкалар толуктайт. Салтка айланган конференцияда бул жааттагы маанилүү маселелер ортого салынып, чечүү жолдору каралды.

Билим берүү системасы дагы жыл өткөн сайын замандын талабына жараша өзгөрүүнүн үстүндө. Электрондук кезек күтүү ыкмасы киргизилди, аймактарда мектептерди интернет менен камсыздоо жумуштары жасалууда, окуу куралдары жаңыланууда. Мындай жыйындардан мугалимдер зарыл маалыматтарды ала алат жана чоң саамалыкка биринчи ирет катышып жаткандары дагы арбын.

Мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу кеңештин башкы темасынын бири болду. Эскерте кетсек, жыл башында Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда күздөн тарта мугалимдер жаңы, жогорулаган айлык акы ала баштаарын айткан.

Иш-чаранын ачылышында Премьер-министр учурдун башкы талабы - билимдүү адамды тарбиялоо экендигин айтты. Өкмөт башчы агартуучуларды турак жай менен камсыздоо приоритеттүү маселелерден экенин белгиледи. Ал мамлекет башчынын тапшырмасын ишке ашыруу үчүн алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтып, эмгек маянанын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү деди. Айлык ушул жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Жыйында мектеп жашына чейинки билим берүү маселелери дагы көтөрүлдү. Өкмөт башчы мектепке чейинки тарбия, ар бир баланын келечекке карай бекем пайдубалы болоорун белгиледи.

Ошондой эле кеңешмеде Кыргызстан боюнча окуу жылына карата ондогон жаңы билим уясы ачылаары айтылды. 72 имарат жаңы жылга чейин колдонууга берилип, анын 51и мектеп болот. Агартуучулар мектептерди, өзгөчө элет жериндеги билим уяларын санариптештирүү маселесин да козгошту. Өкмөттүн башкы максаттарын бири мектептерди 100 пайыз интернетке кошуу болуп саналат.

Дагы бир маанилүү милдет - мугалимдерди турак жай менен камсыздоо. Өкмөт башчынын айтымында ипотека үчүн 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мугалимдердин милдети - балдарга жакшы билим, тарбия берүү. Ал эми агартуучуларга шарт түзүү өкмөттүн мойнунда.