Жаңылыктар
Баткендик жеке ишкер өз каражатына чакан ГЭС курууда
Аймак
Баткендик жеке ишкер өз каражатына чакан ГЭС курууда

Баткендик жеке ишкер өз каражатынан 70 млн сомго чакан ГЭС курууда. Учурда башталган иш 60 пайызга аткарылып, келечекте суусуз жаткан жерлер өздөштүрүлөт. Анткени ГЭС ишке кирсе Козу-Баглан дарыясынан насос аркылуу суу чыгарууга болот. Баткен облусунун аймагындагы дарыялар тоолуу аймактан агып өткөндүктөн, сугат суу үчүн 10 пайызын гана пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар. Жеке ишкер дарыянын суусун дагы да көбүрөөк пайдалануу үчүн бел байлаган.

Лейлектик жеке ишкер Асан Халбеков дарыялардын пайдаланылбай агып жатканына өкүнөт. “Даяр суу бар бирок миңдеген гектар жерлер суусуз куурап жатат”- дейт. Тоолу аймактан өткөн дарыя суусун чыгарууга дыйкандарда мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептүү жеке ишкер өз каражатынан чакан ГЭС куруп насос аркылуу суу чыгарууну колго алган.

Башталган жумуш 60 пайызга аяктап калды. Чет өлкөдөн 30 млн сомго жабдыктар алынып келинген. 2 чакырым каналды куруу жумуштары да жүрүп жатат. Чакан ГЭСти куруу үчүн эле 70 млн сом коротулат. Ал үчүн жеке ишкер көмүр өндүрүүчү шахтадан тапкан кирешесин жумшап жатканын билдирди. Мындан сырткары Ак-Суу дарыясына да ГЭС куруу үчүн долбоор даярдаган.

Булардын баары ишке ашса дарыянын эки жээгиндеги миңдеген гектар жерлерге суу чыгарса болот. Бул жергиликтүүлөрдүн жашоо шартынын жакшыртылышына таасири тийип, ал эле эмес Лейлек районунун экономикалык жактан өнүгүүсүнө да салым кошулат. Аймактардын өнүгүүсү артыкчылыктуу багыттардын бири.

Чакан ГЭС 0,7 мегаватт кубаттуулукта болуп, 2020-жылы пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Учурда 10 адам жумуш менен камсыз болгон. Келечекте 20 туруктуу жумуш оруну түзүлүп, жумушсуздуктун жана сырткы миграциянын санынын азайышына да себеп болот.