Жаңылыктар
Акаевдин жакындарына козголгон кылмыш иштери
Саясат
Акаевдин жакындарына козголгон кылмыш иштери

Айрым маалымат каражаттарында мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө байланыштуу кылмыш иштери тууралуу пайда болгон түрдүү комментарийлерден улам Башкы прокуратуранын маалымат кызматы түшүндүрмө берди. Мамлекеттик комиссиянын материалдарына ылайык, укук коргоо органдары 2005-жылдан баштап Акаевдердин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана анын айланасындагы жакын адамдарына карата бир катар кылмыш иштери козголгон. Мамлекетке миллиондогон суммада зыян келтиргени үчүн Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" фондуна, Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев жана башка адамдарга кылмыш иштери козголгон. Айрым кылмыш иштери боюнча соттун чечими чыккан.

Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" кайрымдуулук фондунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгында фонд мамлекетке 64 млн сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталып, 30дан ашык кылмыш иши козголгон. Мамлекеттин карамагына балдар бакчасынын имараты жана башка мүлктөр кайтарылган.

Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адиль Тойгонбаев алдамчылык, монополдук аракет жана атаандаштыкты чектөө, салыктан качуу беренелеринин негизинде айыптуу деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, сот айыпталуучуну "Манас" эл аралык аба майданынын пайдасына 677млн 291 миң сом же 10 млн долларга жакын каражатты төлөөгө милдеттендирген. Ал эми Айдар Акаевге карата 4 кылмыш иши козголгон жана анын мамлекетке келтирген зыяны 3 млн долларга жакын сумманы түзөт. Дагы түз жана кыйыр тиешеси бар делген 11 кылмыш иши бар. Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү 2005-жылдагы окуядан кийин Кыргызстандан чыгып кетишкен, алар жасаган кылмыштардын алкагында аларды камакка алуу чечими чыккан жана уулу Айдар Акаев, күйөө баласы Адиль Тойгонбаев жана башка бир катар жакындарына эл аралык издөө жарыяланган.