Жаңылыктар
Айыл чарбасын техника менен камсыздоо үчүн 6 долбоор иштөөдө
Айыл чарба
Айыл чарбасын техника менен камсыздоо үчүн 6 долбоор иштөөдө

Айыл чарба субъекттерин техника менен толук камсыздоо максатында 6 долбоор иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди. Учурда фермерлерге 3 млрд. 800 млн. сомго 2 миң 865 даана айыл чарба техникасы лизингге берилди. 

Алардын 2 миң 82 даанасы трактор, 117 комбайн жана 12 кайра иштетүү, 81 атайын техника жана 551 айыл чарба машинасы. Ал эми 2019-жылдын 20-августуна карата фермерлерге 246 даана техника лизингге берилди.