Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда мектептер сапаттуу интернетке туташтырылууда
Билим
Жалал-Абад облусунда мектептер сапаттуу интернетке туташтырылууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 24 мектеп сапаттуу интернетке туташтырылды. Ал жаңы окуу жылынан тартып иштеп баштайт. “Кыргызтелеком” ишканасынын райондогу бөлүмүнүн директорунун айтымында, жакында дагы 17 мектепти туташтыруу иштери башталат. Жыл аягына чейин район боюнча 70 пайыз мектеп интернет менен камсыз болот. Базар-Коргон району боюнча 60 мектеп бар.

“Кубаттуулугу 10 мегабиттик интернет берип атабыз. Сапаты жакы. Азыркы күндө материалдар даярдалып жатат. Дагы 17 мектепти улайбыз. Калганы да уланат”,- деди “Кыргызтелеком” ААКтын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн директору Кеңешбек Курманбеков. 

Ал эми 1-сентябрга карата Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылат. Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2016-2017-жылы 775, ал эми 2018-2019-жылы 613 мектеп өкмөттүн эсебинен глобалдык желеге кошулган. Бирок министрлик айрым мектептерде маселе толук чечиле электигин белгилөөдө. Мисалы, мектеп интернетке туташканы менен компьютерлери жок болгондору да бар. Кыргызстанда жалпы 2262 мектеп бар.