Жаңылыктар
Быйыл Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилейт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилейт

Ага туура бир апта убакыт калды. Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын октябрь айында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын Эгемендик декларациясын кабыл алып, ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн жарыялаган.

Мына ушул күндөрү ар бир Кыргызстан эгемендүүлүк алган чейрек кылымдан ашык убакытта өлкө кандай жетишкендиктерге жетишти, эмне кемчиликтер орун алды, дегеле эгемендүүлүктүн бизге берген пайдасы эмне болду деген суроолордун тегерегинде акыл калчап, ой жүгүртсөк. Кыргызстан азыркы учурда эркин, демократиялуу, көп улуттуу, укуктук мамлекет.