Жаңылыктар
Мекендештерди бириктирген спорт оюндары
Мекендештер
Мекендештерди бириктирген спорт оюндары

Бул күндөрү Москва шаарындагы мекендештер Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата кичи-футбол, волейбол оюндары боюнча турнирлерди өткөрүүдө.

Быйыл бул спорттук оюндарга аялдардан түзүлгөн командалар алгач ирет катышууда. Мекенде болуп жаткан ар бир жакшы жаңылык, чет жерде жүргөндөрдү жакшы ишке ар дайым шыктандырат. Волейбол боюнча Азия чемпинатындагы кыргызстандык оюнчулардын жеңиши дагы, туулган жерден алыс жүргөн мекендештерди кубандырбай койгон жок. 


Спорт биримдикке үндөйт! Футбол, волейбол жана башка оюндар. 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Москва шаарындагы мекендештер спорттук иш чараларды өткөрүүдө.


Медаль үчүн кыз-келиндердин 10, ал эми эркектердин 8, волейбол боюнча командасы ат салышты. Бул ирет айымдардан түзүлгөн командалар өзгөчө активдүүлүгүн көрсөттү.


Иштен чарчаган соң башка спорт оюндары сыяктуу эле,  волейбол оюну кадимкидей сергитет.  Абизахон Адыбапова иштөөгө эле жетишпестен, үй бүлөсүнө да, спортко да убакыт таап, ар дайым жаңы нерсени үйрөнүүгө аракет жасарын айтат.


Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын Азия чемпионатындагы жеңиши, бул жактагы мекендештерди шыктантып, кызыгуу жаратты.

Мындай турнирлердин өтүп турушу, чет жерде жүргөндөрдүн ынтымагын бекемдейт. Уюштуруучулар чоң-чоң иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар арасында да, так ушундай мелдештерди өткөрүү ойлору бар.

Мирбек  Молдакунов, Эльдияр Асанбаев, Ала-Тоо 24,  Москва шаары