Жаңылыктар
Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылат
Билим
Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылат

1-сентябрга карата Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылат. Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2016-2017-жылы 775, ал эми 2018-2019-жылы 613 мектеп өкмөттүн эсебинен глобалдык желеге кошулган. 

Бирок министрлик айрым мектептерде маселе толук чечиле электигин белгилөөдө. Мисалы, мектеп интернетке туташканы менен компьютерлери жок болгондору да бар. Кыргызстанда жалпы 2262 мектеп бар.