Жаңылыктар
Картөшкөнү жууп-тазалаган жабдуу алынып келинди
Айыл чарба
Картөшкөнү жууп-тазалаган жабдуу алынып келинди

Зыяндуу организмдин таралышын токтотуу жана фитосанитардык коопсуздукту сактоо максатында, ошондой эле ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин базарларына Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын экспорттоодо өнүмдүн сапатын арттыруу максатында биринчи жолу картөшкө жууп, тазалаган жабдуулар Туркия мамлекетинен алынып келинди.

2004-жылы Кыргызстандын аймагында карантиндик зыяндуу организм - алтын түстүү нематода табылган. Бул организм өсүмдүктөрдүн жана жемиштердин тамырларына таасир этип, элүүдөн токсон пайызга чейинки түшүмдү жок кылышы мүмкүн. Аны алдын алуу максатында, айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин министрлик “Пикассо” ЖЧКсы менен биргеликте картошканы жууп тазалоо үчүн жабдуулардын бир партиясын коюну демилгелеген.

Зыяндуу организмдин таралышын токтотуу жана фитосанитардык коопсуздукту сактоо максатында, ошондой эле ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин базарларына Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын экспорттоо маселелерин министрлик иштеп чыгып, Түркия мамлекетинен зарыл болгон жабдууларды алып келүүгө чечим чыгарышкан. Жалпы эсеп менен он эки жабдууга 15 млн. 200 миң сом каражат сарпталган.

Ошондой эле зыяндуу организмдерге каршы күрөшүүдө иштердин кеңири спектрин аткаруу үчүн жөнгө салынуучу чачкычтар алынып келинген. Жүргүзүлүп жаткан иштер картошканын башка мамлекеттерге экспортко чыгуусуна бир топ жеңил болот.