Жаңылыктар
Кыргызстандык “Тайсон” россиялык Дукваха Астамиров менен беттешет
Спорт
Кыргызстандык “Тайсон” россиялык Дукваха Астамиров менен беттешет

"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков 4-октябрда Грозный шаарында өткөн турнирдин алкагында беттеш өткөрөт. Ал 61 килограмм салмакка чейинки категорияда россиялык Дукваха Астамиров менен беттешет.

Келдибеков буга чейин расмий түрдө 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген. Ал эми кезектеги атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.