Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекке келди. Чемпиондорду тосуп алуу салтанаты "Манас" аэропортунда өттү. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстан Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңген. Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын курама топторун уткан.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы бул чемпионатка алгач уюшулгандан бери катышып келүүдө.