Жаңылыктар
Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылы башталат
Билим
Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылы башталат

Ата-энелер балдарын мектепке даярдоо менен алек. Буга байланыштуу базарда мектеп формасы арбын сатылууда. Жаңы окуу жылына чейинки соңку апта. Базарга окуу куралдарын, мектеп формасын сатып алуу үчүн баргандар көп экени көрүнүп турат. Окууга керектүү каражаттар менен мектеп формасы август айынын ортосунан баштап тынымсыз сатыла баштаган. Кандай үлгүдөгү форма кийүү керек экенин мектеп жетекчилиги ата-энелер менен кеңешип чечет. Болгону 2015-жылдан бери коюлуп келген талаптан чыкпашы керек. 

Жаңы окуу жылына ата-энелер гана эмес, мамлекет да камылга көрдү. 2265 мектеп эшигин ачат. Алардын тогузу жаңы курулган. Жыл соңуна чейин быйыл салынып, колдонууга берилген мектептердин саны отуз тогузга жетет. Соңку жылдары курулуштар жанданганы менен тартыштык дале олуттуу бойдон калууда. Капиталдык оңдоого муктаж эки жүзгө жакын билим уясынын айрымдарын жаап, анын ордуна ылайыктуу имараттарды ижарага алуу максат кылынып жатат. Окуу куралдары азырынча толук камсыз кылынган эмес. Бардык сабактар боюнча китептер 5-6-класстар үчүн гана жүз пайыз жетиштүү. Министрлик бул маселе бара-бара чечилээрин билдирип жатат. Быйылкы жылы Кыргызстанда окуучулардын саны миллиондон ашат. 150 миңдей бала биринчи класстын босогосун аттайт.