Жаңылыктар
Кара-Суу: мамлекеттик кызматкерлер дарыя жээктерин бекемдөө үчүн ашарга чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу: мамлекеттик кызматкерлер дарыя жээктерин бекемдөө үчүн ашарга чыгышты

Оштун Кара-Суу районунун мамлекеттик кызматкерлери дарыя жээктериндеги дамбаны бекемдөө үчүн ашарга чыгышты. Демилгенин максаты - эл түйшүгүн жакындан билүү, бийликке болгон ишенимин жогорулатуу.  Дамбаны бекемдөө үчүн габион торчолорун таш менен толтуруп жаткандар- Кара-Суу райондук администрациянын мамлекеттик кызматкерлери. Мында, райондун жетекчисинен тартып, айыл өкмөт, айыл башчысына чейин бар. 900 метрдеги дамба Машрап-Сай дарыясынын жээгиндеги Лаңгар тилкесине курулууда. Дайранын узундугу 52 чакырымды түзөт. Элет жеринде, соңку кездери элдин жүгүн жалпылап көтөрүү жөрөлгөсү жайылтыла баштады. Ынтымак менен биримдиктин уюткусу болгон ашар ыкмасы жаштарды эмгекчилдикке үндөөрүн улуу муундун өкүлдөрү айтат. 

Демилгечилердын пикиринде, мындай аракет - мамлекеттик кызматкерлердин элдин түйшүгүн жакындан билип, жон териси менен сезүүсүнө өбөлгө боло алат. Аталган аймак жыл сайын сел, суу ташкыны катталуучу кооптуу аймактардын катарында турат. Суу жээктерин бекемдөө чарасы быйыл райондун 12 аймагына белгиленген.Ош облусунун аймагында суу ташкыны жүрүп кетүү коркунучунда турган 400дөй аймак бар. Быйылкы жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 112 тилкеге габион торчолорун коюуну пландаган.