Жаңылыктар
Дастан Садыр уулунун өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгы иликтенүүдө
Кырсык
Дастан Садыр уулунун өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгы иликтенүүдө

Садыр Жапаровдун баласы Дастан Садыр уулунун өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгы иликтенүүдө. Ал 26-август күнү ооруканада көз жумган. 

Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө мотоцикл менен бара жатып кырсыктаган. Көк-Жар айылында бурулуштан "Toyota Matrix" унаасын сүзүп, катуу соккудан улам артында отурган кыз ыргып кетип, жолдо токтоп турган унаага урунган. Анын баш сөөгү, көкүрөгү жабыркап, бетинин сөөгү сынып кеткен. Учурда абалы орточо. Факты боюнча "Жол эрежесин бузуу" беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.