Жаңылыктар
Улуттук банк сомдун туруктуулугун кармап калуунун аракетинде
Экономика
 Улуттук банк сомдун туруктуулугун кармап калуунун аракетинде

Улуттук банк дагы 3 млн. 250 миң долларды базарга чыгарды. Бул аракет сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн январь айында жасалган экинчи аракет болуп калды. Буга чейин 4-январда Улуттук банк тарабынан базарга 9 млн 100 доллар чыгарылган болчу. Улуттук банк билдиргендей Кыргызстанда доллардын курсу 2015-жылы дээрлик 29 пайызга кымбаттаган. 

Былтыр жыл башында доллардын курсу расмий 58,89 сом болсо учурда 75,87 тыйынга чыкты. Сомдун кунун кетирбей кармап туруу максатында өткөн жылы Улуттук банк 25 ирээт АКШ долларын акча базарына сатыкка чыгарган. 6 күндүн ичинде 12 млн. 350 миң доллар интервенцияланды. 

Ал эми, доллардын наркы күн санап өсүп жаткандыктан Улуттук банк буга чейин чейин дагы бир нече жолу долларды сатыкка чыгарган.

Көптөгөн мекендештерибиз доллар менен алып алган насыяларын төлөй албай, азабын тартууда. Мындан улам, президент Алмазбек Атамбаевдин талабы менен эмки жылдан тарта Улуттук банк ипотекалык насыяларды доллардан сомго айландырып берүү механизмдерин караштырууда. 

Мындан тышкары, бюджеттик мекемелерде иштегендерге сом менен насыя берүү маселеси да каралып жатат. Бул багытта каржы министрлиги иш алып барууда. Ошондой эле, доллардын кунун жөнү жок көтөрүп жибергендерге коюлуучу айып пулдун суммасы да көтөрүлөт. Ал 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин болушу мүмкүн.