Жаңылыктар
Өкмөт «Centerra Gold» компаниясынан түшчү каражаттын көлөмүн көбөйттү
Экономика
Өкмөт «Centerra Gold» компаниясынан түшчү каражаттын көлөмүн көбөйттү

Өкмөт «Centerra Gold» компаниясынан түшчү каражаттын көлөмүн көбөйтүүгө жетише алды. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен компаниянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык макулдашууну талкуулаган кеңешмеде билдирди. Макулдашуунун алкагында 2 фонд түзүлдү.

2017-жылы «Centerra Gold» компаниясы менен стратегиялык макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, 2026-жылга чейин компаниядан 87 млн. доллар которулмак. Бирок учурда иштеп жаткан Өкмөт  которула турган бул акча аз экенин айтып, макул болгон эмес. Аткаруу бийлиги компания менен көпкө сүйлөшүп, анын натыйжасында 87 млн. доллардын ордуна, 150 млн. долларга чейин которууга жетишти.