Жаңылыктар
Ишкерликке кепилдик
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерликке кепилдик

“Кепилдик фонду” ачык акционердик коому ишкерлерге 468 млн. сомдук насыя алуусуна кепилдик кылды. Бул тууралуу каржы мекемелеринин жетекчилери жети айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатып билдиришти. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлик кылууга жеңилдетилген насыя берет. Аны алуу үчүн күрөөгө коюла турган мүлктүн баасы арзан болуп жатса, “Кепилдик фондунун” каражатын пайдаланууга жол ачылган.

Жыйырма жылдан бери курулуш химиясын, материалдарын, чарбалык жабдууларды Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн алып келүү менен алектенген ишкана быйыл аларды өзү өндүрө баштады. Иш жаңыдан жанданып жаткан учуру. Мында чыгарылган атайын каражаттар дубалды өзгөчө кооз кылат. Өндүрүштү баштоого акча жетпей жатканда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду насыя берген.