Жаңылыктар
Аймактарды өргө тарткан өндүрүш
Аймак
Аймактарды өргө тарткан өндүрүш

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ошто өнөр жай багытында 29, айыл чарба тутутумунда иш алып баруучу 11 ишкана ачылган. Дубандан 16 миң тоннадай айыл чарба продукциясы экспорттолгон. Мамлекеттик кызматтар интернет желесине туташкан.

Жыл башынан бери облустун аймагында 500дөй жаңы жумуш оруну түзүлгөн. 41 жаңы ишкана түптөлгөн. Жалпы 537 млн. сомдук инвестиция өздөштүрүлгөн. Өндүрүш багытында ишке кирген 29 ишкананын бири Кара-Суудагы бут кийим чыгаруучу ишкана. Мында чоңдор жана балдар үчүн бут кийимдин 15тей түрү тигилет. Орусия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттерине экспорттолот. Ишкананы Кара-Суулук ишкер кытайлык өнөктөшү менен биргеликте ачкан.