Жаңылыктар
“Ала-Тоо” аянты Эгемендүүлүк майрамын өткөрүүгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
“Ала-Тоо” аянты Эгемендүүлүк майрамын өткөрүүгө даяр

POST1RIGHT

“Ала-Тоо” аянты Эгемендүүлүк майрамын өткөрүүгө даяр. Бул туурасында "Тазалык" муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери  билдиришти. Учурда борбор калааны  тазалоо жана көрктөндүрүү иштери активдүү жүрүүдө. Кызматкерлер  танкы 5тен кечке чейин тынымсыз иреттөө иштери  менен алек.

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтын тазалап, жолдоруна суу чачып шаардагы эс алуучуларга шарт түзүп жаткан Айдар Саркулаков “Тазалык” ишканасында көп жылдардан бери эмгектенет. Бардык күчүн, эмгегин Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн, эгемендүү Кыргызстандын келечеги үчүн жумшагысы келет.