Жаңылыктар
"Шереметьево" аба майданындагы мушташ
Кылмыш
"Шереметьево" аба майданындагы мушташ

Россиянын Ички иштер министрлигинин атайын бөлүмү, “Шереметьево” аба майданынын унаа токтотуучу жайындагы мушташты иликтей баштады. Эске сала кетсек, 23-августта аба майданда күзөт кызматкерлери менен такси айдоочулар мушташкан. Жаракат алган Искендер Жолдошев менен Улан Тойчиев ооруканадан чыгып, полицияга арыз жазган. Ал эми кыргызстандык комада деген маалымат чындыкка коошпойт. Теманы Мирбек Молдакунов улантат.

“Шереметьево” аба майданында болгон мушташтан жабыр тарткан кыргызстандык таксисттер Улан Тойчиев менен Искендер Жолдошев Ички иштер министрлигинин аба майдандык бөлүмүнө арыз жазды. Тергөөчүлөр ишти иликтей баштады. Эске сала кетсек 23-августта аба майдандын F терминалынын унаа токтотуучу жайында, ал жердин күзөт кызматкерлери менен таксисттердин ортосунда уруш чыгып, мушташ менен аяктаган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, мушташты алгач күзөт кызматкерлери баштаган.

Искендердин айтымында, күзөт кызматкерлери агрессивдүү болуп, такси айдоочуларын сабап, тапанча жана муздак курал менен коркуткан. Медиктердин кароосунан өткөн Искендер, суткасына 13 миң рубль төлөй албагандыктан, ооруканага жатуудан баш тарткан. Мушташ учурунда күзөт кызматкерлери анын автоунаасына чыгып, капотун мырыйтып, маңдайкы айнегин талкалап салган.

Экинчи жабырлануучу Улан Тойчиев Москва шаарында айдоочу болуп иштегенине 10 жыл болуптур. Ошол күнү таксиге түшкөн адамды отургузуп, айдайын дегенде, катуу кыйкырык чыккан. Ал чыгып караганда, чогуу иштешкен таксттерди, жаалданып алган күзөт кызматкерлери кубалап баратканын көрөт. Аларды ажыратууну ойлоп барган Уланды, күзөт кызматкери тапанча менен башка урган.

Улан ооруканада 3 күн жаткандан кийин чыгып, үйдө дарыланууну чечкен. Мушташтан жабыр тарткан эки айдоочунун бири комада жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги тергөө ишин баштаган Ички иштер министрлигинин атайын бөлүмүнө, объективдүү иликтөө жүргүзүлүшү тууралуу атайын кат жөнөттү.

Жабырлануучулардын жана окуянын күбөлөрүнүн айтымында, күзөт кызматкерлери кызуу болгон. Анык далил, иликтөөдөн кийин билинет. Белгилей кетсек, мушташкандар “Вымпел центр” күзөт ишканасынын кызматкерлери. Ал эми интернет айдыңында тарап жаткан видеолордо күзөт кызматкерлери жабыр тарткандыктарын айтып жаткан жерлер бар.

Тилеке каршы, бул ишканын өкүлдөрү менен сүйлөшө алган жокпуз. Байланышып, өзүбүздү тааныштыра баштаганда эле, телефонду коюп коюшту.