Жаңылыктар
Кыргызстанда асыл тукум малдын саны көбөйөт
Айыл чарба
Кыргызстанда асыл тукум малдын саны көбөйөт

Кыргызстанга Индонезиядан эт багытындагы букалардын жана текелердин жогорку сапатта тоңдурулган уруктары алып келинди. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги билдирди. 

Эки өлкөнүн өкмөтү жана Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташуу меморандумунун негизинде 12 500 доза жогорку сапатта тоңдурулган урук алып келинди. Анда эт, сүт багытындагы симентал, ангус, брахман уруктары жана сендуро, боер сүттүү эчкилердин уруктары келди. Уруктарды алууну каалаган фермерлер министрликтин Биотехнологиялык борборуна кайрылып, алса болот.