Жаңылыктар
Абылгазиев китептердеги каталарга жол бербөөнү талап кылды
Билим
Абылгазиев китептердеги каталарга жол бербөөнү талап кылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев китептердеги каталарга жол бербөөнү талап кылды. Өкмөт башчысы жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулаган жыйында китеп, аттестаттарды басып чыгарууда грамматикалык каталарга жол берилген учурларды эске салып, буга Билим берүү жана илим министрлиги жооптуу экенин белгиледи. Абылгазиев министрлик менен Билим берүү академиясынын жетекчилерине маселени чечүүнү тапшырды. Мындан сырткары, окуу китептеринин сапатына, тазалыгына, балдардын ден соолугуна тийгизген таасирине да көңүл бурууга чакырды.

“Кээ бир контрафакт китептерден балдардын колуна сыя жугат. Анан баракташ үчүн колуна оозуна салат. Ошондон оору пайда болушу мүмкүн. Биз буга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Китептер каталар менен басылып чыккан учурлар көп. Биз мазмунду мындай кой, грамматикалык каталарды жое албай жатабыз. Китептерди чыгараардан мурда аны басууга макулдук бериш үчүн министрдин колу болушу керек. Мисалы, акчада Улуттук банктын төрагасынын кол тамгасы бар. Китептерде да ошондой болушу керек. Эгер окуу китептеринде ката кетсе министрлик жооптуу да”,- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.