Жаңылыктар
Бишкек шаарынын ардактуу жарандары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын ардактуу жарандары

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына бул жылы борбордун сегиз тургуну татыктуу болду. Ардактуу наамга ээ болгон шаардыктарга сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев тапшырды. 

Ардактуу наамга татыктуулар Асад Гасанов, Анэсс Зарифьян, Бейшенбек Иманалиев, Накен Касиев, Төлөгөн Мамеев, Жумабек Салымбеков, Сайфудин Сеитбеков жана Лидия Каткова болду. 

Бул жарандар Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон салымы жана коомдук турмушта активдүүлүгү менен айырмаланган.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын шаардык кеңеш менен мэрия биргеликте жылына бир ирээт тапшырат. Мындай сыйлыкты алуу үчүн талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны быйыл 40тан ашты. Келген сунуштарды атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, бир ай коомдук талкуудан кийин чечим чыгарылат. Бүгүнкү күндө 150гө жакын адам “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына татыктуу болгон.