Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчулар тай бокс боюнча чемпионатта жеңишке жетишишти
Спорт
Кыргызстандык спортчулар тай бокс боюнча чемпионатта жеңишке жетишишти

Кыргызстандык алты спортчу тай бокс боюнча Орусияда өткөн чемпионатта жеңүүчү аталды. Мелдешке 11 мамлекеттен 180 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан барган тогуз спортчунун алтоо ийгилик менен кайтышты. Анастасия Струкалина, Эрназар Аманжолов, Эрик Боцорога, Алихан Эргешев жана Амантур Кубаныч уулу алтын медаль тагынды. Айзирек Койлубаева менен Ислам Рахманалиев күмүш жана чоңдор арасында мелдешке катышкан Евгений Трубчанинов эки алтын медаль жана чемпиондук кур тагынды. 

Мындан сырткары, Кыргызстандын курама командасында жүргөн эки жолку дүйнө чемпиону Бегайым Качкеева бул жолу Орусиянын атынан катышып профессионалдар арасында Европа чемпиону болду.