Жаңылыктар
Эгемендүүлүк майрамына даярдык. Жолдор убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүк майрамына даярдык. Жолдор убактылуу жабылат

"Ала-Тоо" аянтында өтө турган эгемендүүлүк майрамына карата көрүлүп жаткан даярдыктардан улам, айрым көчөлөр убактылуу жабылып турат. 28-30-август күндөрү эртең менен саат 9дан 11ге чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. 

31-август - Эгемендүүлүк майрамында эртең мененки 8ден 12ге чейин жана кечки саат жетиден 23:00кө чейин Чүй проспектиси Тыныстанов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнө чейин, Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөсүнө чейин, ал эми Фрунзе көчөсүнүн Панфилов Раззаков көчөлөрүнө чейинки аралыгы жабылат. 

Аны менен катар Абдымомунов көчөсүнүн да ушул чарчы аралыктагы бөлүгүндө унаалардын өтүшүнө чектөө киргизилет. Шаардык мэрия айдоочулардан алдын ала кечирим сурап, көчөлөрдү жабуу маалында башка альтернативдик жолдорду тандоону суранат.