Жаңылыктар
Жаш комузчулардын ийгилиги
Маданият
Жаш комузчулардын ийгилиги

22-апрелде Беларусь өлкөсүндө өткөн Эл аралык Европа кубогу сынагында Бишкектеги №13-мектеп гимназиянын окуучулары биринчи орунду багындырды. Музыкалык таймашка 20 өлкөдөн келген жаш таланттар катышкан. 

Сынакка Кыргызстандан №13 мектеп-гимназиясындагы музыкалык студиянын “Санат” элдик аспаптар ансамбли катышып, аны ансамблдин жетекчиси, музыка мугалими Табани Кожоярова жетектеп барган. Анда алар Атай Огомбаевдин ”Машботой” күүсү менен Кожоярованын “Э санат” деген күүсүн аткарган. 

Эл аралык сынакта биринчиликке ээ болгон окуучуларга Орусиянын маданият министрлиги дагы атайын Ардак баракча менен сыйлап, Кыргызстанга жалпы 6 диплом менен кайтып келишти. Эми бул “Санат” ансамбли ноябрь айында Санкт-Петербург шаарында боло турган “Күмүш камертон” деп аталган эл аралык сынакка катышууга чакыруу алышты.