Жаңылыктар
"Дарак ыры" тасмасы 31-августта Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлөт
Маданият
"Дарак ыры" тасмасы 31-августта Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлөт

Кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын терең чагылдырып берген, чет өлкөлөрдө көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон жана азыркы убакта атамекендик белгилүү, ошондой эле өзгөчө стилдеги тасмалардын бири болгон "Дарак ыры" 31-августта Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлөт. 

Кыргызстанда алгачкы мюзикл жанрында тартылган “Дарак ыры” тасмасы Корея, Америка, Италия, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө болгон 25 эл аралык кинофестивалга катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Тасма 18-кылымдын аягындагы кыргыз элинин турмушун, каада-салтын, үрп-адатын сүрөттөгөн 2 уламыштын негизинде тартылган. Анда сүйүү жана адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле баяндалат.



Бул тасманы океандын ары жагындагылар музыкалуу болгону менен абдан жактырышкан. Кино-дастандагы философиялык ойлор ыр түрүндө аткарылып, аны көрармандарга жеткирип берген кесипкөйлөрдүн салымы чоң.



“Дарак ыры” тасмасы Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын биргелешип чыгарган эмгеги. Тасманын сценарийин жазууга 7 жылга жакын убакыт кетсе, тартуу иштери 2,5 айда аягына чыккан. Актерлор үчүн 220 кийим тигилген. Ошондой эле тасма үчүн 13 жаңы ыр жазылган. Мюзиклдин биринчи саунтрегин “Город 312” тобунун солисти Светлана Назаренко жана Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Жылдыз Осмоналиева аткарган.