Жаңылыктар
Мамлекеттик тууну барктайлы
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тууну барктайлы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун баркын көтөрөлү деген сунуштар айрым жарандар тарабынан айтылууда. Бул демилге биринчилерден болуп Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосуна ээ болду.



Мекеме, ишканаларга мамлекеттин байрагын илип, Кыргызстандыктарды мамлекеттик символдорду баалап-барктоого Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жетекчиси чакырат. Үндөө багытындагы ойун ал буга чейин социалдык тармактарга жарыялап, элдин кубаттоосуна татыган. Биз Америка, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн өрнөк алуу менен эгемендүүлүктүн маани-маңызын арттырсак. Анткени эгемендүү мамлекети бар улут гана тилин, тарыхын жана маданиятын сактай алат, - дейт ал.

Туунун даражасы жогору. Желегибизди ар бир кыргыз баласы сыйлап бийик тутуусу керек. Көпчүлүк өлкөлөрдө мамлекеттик символикаларды жайылтуу үчүн атайын каражат бөлүнөт. Биз да бул маселени колго алып, көтөрүлүп жаткан демилгелерди колдошубуз керек дейт эл өкүлү.


Кыргызстандын атуулу экендигине жеке ишкер Кутман Исабеков сыймыктанаарын айтат. Анын сөздөрүнөн, мекенчил иш- аракеттеринен өлкөнүн өнүгүүсү, замандаштарынын келечеги үчүн күйгөндүгү сезилип турат. Мамлекетимди өзгөчө сүйгөндүктөн, желекти ар убак жаныма чогуу алып жүрөм. Себеби желек мага өзгөчө дем, күч-кубат берип турат дейт.


Кыргызстандын желеги абдан кооз. Жолдорго, имараттарга илип койсок, көрк эле бербестен патриоттук кайрат берип турат дейт эгемендүү Кыргызстандын жаштары.