Жаңылыктар
Байпак чыгарган ишкана өндүрүшүн көбөйтүп, Европага экспортко чыгууну ниет кылууда
Экономика
Байпак чыгарган ишкана өндүрүшүн көбөйтүп, Европага экспортко чыгууну ниет кылууда

Эл аралык талаптарга шайкеш келет деген тастыктамага ээ болсо Кыргызстанда байпак чыгарган ишкана өндүрүшүн көбөйтүп, Европага экспортко чыгууну ниет кылууда. Атамекендик ишкананын өндүрүшү өргө тартылса кошумча жумуш орундары да түзүлөт. Азырынча ишкана өндүргөн продукциясын ЕАЭБ рыногуна сатууда. Ошол эле учурда ишкана кожоюндары келечекте жип чыгара турган фабриканы да ачканы турушат. 

Бул байпактарды үтүктөй турган же бир калыпка сала турган цех. Мында зарыл болгон жабдуунун баары орнотулган. Айпери Төлөнбай кызы фабриканын үтүктөө цехинде үч жылдан бери эмгектенип келүүдө. Байпактарды биринин артынан экинчисин үлгүгө тизип, аны түздөп жаткан Айперинин колу да каныккан. Мында жумушчулар нөөмөт менен эмгектенет.

Өндүрүш жетекчисинин айтымында байпактын түрү 300гө чамалайт жана алар акыркы технология менен жасалат. Фабрикада баш-аягы 8 цех бар. Адегенде жип ийрилип, андан байпактар токулат. Байпактын чыккан түрүнө жараша жиптер боёлот. Бул жол-жоболор дагы өзүнчө цехте ишке ашырылат.


 Ал эми чет элдик инвесторлор каражат салып ачкан бул ишканада 35 киши эмгектенип, үй-бүлөсүн багууда. Мында майда жана бодо малга, үй канаттууларына курамына белок, минералдык компоненттер менен витаминдер кошулган жем даярдап чыгарылып жатат. Даяр болгон продукция Казакстанга экспортко чыгарылат.