Жаңылыктар
Жаңы окуу жылына даярдык кандай?
Билим
Жаңы окуу жылына даярдык кандай?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуу китептерин басып чыгарууда катага жол бербөөнү талап кылды. Өкмөт башчысы буга Билим берүү жана илим министрлиги жооптуу экенин белгиледи. Жаңы окуу жылына карата даярдык талкууланган жыйында билим берүү тармагындагы башка көйгөйлөр да айтылды. POST1RIGHT


Өлкөгө керектүү болгон кесип ээлерин даярдоо, мектептерде "Академиялык тандоо" ыкмасын пайдалануу, менчиктештирилип кеткен бала бакча имараттарын мамлекетке кайтаруу маселелери көтөрүлдү. Абылгазиев аткаминерлерди жеке мектеп, бала бакча курууну максат кылган ишкерлерге жардам көрсөтпөй жатканы үчүн сынга алды. Калыгул Асамбаев кененирээк айтып берет.



Өкмөт билим берүү тармагындагы бала бакчадан тартып жогорку окуу жайларына чейинки көйгөйлөрдү талкуулады. Билим берүүнүн сапатында да, жеткиликтүүлүгүндө да маселе жаралып жатканы белгиленди. Маселен өлкөдөгү жалпы бала бакчалар тиешелүү курактагы балдардын 40 пайызын гана батырууга жарайт.


Тартыштыкты эске алып, өкмөт жеке бала бакча курган ишкерлерге жеңилдик берүү чечимин кабыл алган. Өкмөт башчысы тиешелүү кызмат адамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маселеге кайдыгер карап жатышканын белгиледи.

Бала бакчалардын имараттары кезегинде менчиктештирилип кеткен. Соңку жылдары аларды кайра мамлекетке кайтаруу аракети жүрүп жатат. Мүлктөр кайтарылып, тиешелүү оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Эми аларга керектүү эмеректерди сатып алуу үчүн каражат каралышы керек.