Жаңылыктар
Сузакта жер көчкүнүн алдында калган өспүрүмдүн денеси табылды
Кырсык
Сузакта жер көчкүнүн алдында калган өспүрүмдүн денеси табылды

Кечээ, 27-апрелде Сузак жергесинде болгон жер көчкүдөн, анын алдында калган баланын денеси бүгүн табылды. Өспүрүмдүн денесин табууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 200гө жакын куткаруучулар тартылган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ күнкү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда жер көчкү түшүп, 1 убактылуу жашоого салынган үйдү  басып калган. Андан сырткары, Алмалуу-Булак айылынын Башы участкасындагы жер көчкүдөн 7 турак- жай жабыркаган.

Жер көчкү түшкөн учурда 3 адам короодо жумуш жасап  жүрүшкөн. Алардын бири 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан көчкүнүн алдында калган. Анын апасы  Орусияда болгондуктан, жездесинин үйүндө жашап жүргөн. Эрландын жанындагы бир аял менен бала башка жакка качып кетүүгө улгүргөн.