Жаңылыктар
Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатов «КР Баатыры» жогорку наамын алды
Кыргызстан жаңылыктары
Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатов «КР Баатыры» жогорку наамын алды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Мындан тышкары мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында жекече сиңирген көөнөрбөс эмгеги, мекенчилдиги жана Ата-Журтка чексиз берилгендиги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).