Жаңылыктар
Экстремисттик үгүттөргө каршы интернет кайгуул иштөөдө
Дин
Экстремисттик үгүттөргө каршы интернет кайгуул иштөөдө

Экстремисттик үгүттөргө каршы интернет кайгуул долбоору иштеп жатат. Ички иштер министрлиги ал натыйжа бере баштаганын билдирүүдө. Жаштар арасында өз идеологиясын жайылткан көмүскө күчтөр социалдык тармактардын жардамын пайдаланары айтылып келет.

Экстремизм менен күрөшүү маселеси талкууланган жыйын Ички иштер министрлигинин академиясы тарабынан уюштурулду. Ага катышкан мамлекеттик органдардын жетекчилери, диний ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү терс жолго чакырык жасаган көрүнүштөр мурдагыдай эле интернет аркылуу активдүү жүрүп жатканын белгилешти. “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликов:

Исламга жаңыдан кызыгуусу арта баштаган адам интернетке баш багат.  Бирок, көптөгөн сайттарда дин тууралуу маалыматтар бири-бирине карама-каршы  келет. Ооба, биздин өлкөдө коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу күч менен эмес,  үгүттүк негизде экстремизмге каршы күрөш көбүрөөк колго алынган. Бул багытта  концепция да бар. Ага ылайык конференциялар өтүп жатат. Бирок, мындай жыйынга  катышкандар ансыз деле экстремизм менен террорчулукту колдошпойт. Ошондуктан  түшүндүрүү иштери даректүү болушу зарыл. Интернетте зордук-зомбулукка  негизделген идеологиянын туткуну болгондор аз эмес”.

 Айрым учурларда экстремисттик идеология түздөн-түз жеткирилбестен, жарандарга ар кайсы муктаждыктарын жоюп берүү убада кылынат. Кылдаттык менен иштеген үгүтчүлөр интернет аркылуу баарлашкан адамына кооптуу көрүнбөйт. Жөн гана таанышуунун аягы өкүнуч менен аяктайт. Алдангандардын катарында жалгыз бой аялдар да бар экенин белгилейт “Мутаккалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы.

Ички иштер министрлиги интернеттеги экстремисттик мүнөздөгү маалыматтардын таратылышына каршы атайын долбоор иштей баштаганын билдирүүдө. Мекеменин онунчу башкармалыгынын бөлүм башчысы Эмил Жээнбеков интернет кайгуул жаштар арасында колдоого алынганын айтат.