Жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагындагы даярдыктар тууралуу КР вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн Биринчи радиого маек курду.
Түз ободо угармандар тарабынан мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги, мугалимдердин айлыгы, электрондук кезек, ата-энелер тарабынан чогултулган акча каражаттарына байланыштуу суроолор боюнча кайрылуулар көп болду.
Ал эми, Билим берүү тармагындагы көтөрүлүп келген көйгөйлөр тууралуу кечээ 28-августта дагы өкмөт башчы Абылгазиевдин катышуусунда жыйын өткөрүлгөн.