Жаңылыктар
Маданият кызматкерлери сыйланды
Маданият
Маданият кызматкерлери сыйланды

Өлкө башчы кол койгон Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн "Даңк" ордени менен Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Бактыбек Тилегенов сыйланды.

"Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру Рахатбек Осмоналиевге ыйгарылды. 

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти  Рысбек Абдубачаевге берилди.

Ушундай эле наам дагы бир катар маданият өкүлдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге ыйгарылды.

Мамлекет башчынын дагы бир Жарлыгына ылайык, Кытай менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, достук байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук маданияттарды өз ара байытууга, ошондой эле "Манас" эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Борбордук опера театрынын бир катар артисттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. 

Борбордук опера театрынын солисттери Ли Шуан,  Юй Цзинжэнь, Яо Хун "Даңк" медалы менен сыйланышты. Ал эми Го Чэнчэн, Гэн Чжэге Ардак грамотасы ыйгарылды.