Жаңылыктар
Зилалиевдин абактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Зилалиевдин абактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды

Мурдагы Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин абактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды. Биринчи май райондук соту Зилалиевге карата “Мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде козголгон иш боюнча соттук териштирүүнү улантты. Анда күбө Зилалиевдин банктагы уячасынан 900 миң АКШ доллары табылганын билдирди.

Буга чейин адвокаттар абакта кармалып турган Зилалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан. Бирок, сот арызды канаттандырган жок. Анын ордуна Зилалиевдин абактагы мөөнөтү менен соттук териштирүүнүн убагын дагы үч айга узартты.